Өзбекстанда өткөн армреслинг боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын туусунан айырмаланган желек колдонулду. Бул тууралуу «Короче» телеграм каналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, «Asian Cup — 2023» мелдеши Самарканд шаарында өткөн.
Анда желектердин катарында Кыргызстандын туусундагы күндүн нурлары түз болуп тартылганын көрүүгө болот.