Өзбекстандын жараны алтын жалатылган жезди, алтын зер буюмдар катары сатканга шектелип кармалды

Өзбекстандын жараны алтын жалатылган жезди, алтын зер буюмдар катары сатканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Орусиянын Оренбург облусунда Балыкчы шаарында алтын жалатылган жезди, алтын зер буюм катары алдоо жолу менен сатып жүргөн Өзбекстандын 45 жаштагы жараны кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилген.

Өткөн жылдын октябрь айында Балыкчы ШИИБге арыз менен 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Аял өз арызында, “Кербен” шаардык базарында азиат улутундагы аял, ага бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаганын жана бардык алтын зер буюмдарын 130 миң сомго баалагынын көрсөткөн. Сатуучу аялга 62 миң сом төлөп, калган акчаны алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенде, сатуучу аял белгисиз тарапка кетип калганын байкап, сатып алган алтын зер буюмдарын текшергенде, алар алтын жалатылган жез болуп чыккан.

Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Өзбекстандын 45 жаштагы жараны болуп чыккан жана шектүү жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу шектүү жаран мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган.

Учурда шаардык сот тарабынан кармалган жаранга карата баш коргоо чарасы — тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алуу чечими кабыл алынды.

Балыкчы шаарынын милициясы бардык жарандарды өзгөчө бейтааныш адамдардан, же интернет аркылуу баалуу алтын зер буюмдарын сатып алууда этият болууга чакырды.

26 Март 2024 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча