Зеленский Трамп талап кылган акчаны кайтарып берүүдөн баш тартты

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп сейрек кездешүүчү кендер боюнча макулдашуунун алкагында талап кылган 500 миллиард долларды кайтарып берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ал 23-февралда Киевде өткөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости “Зеркало недели” телеграм-каналына шилтеме берип жазды.

Зеленскийдин айтымында, аталган сумма Украинадагы кен байлыктардан түшкөн кирешелерди өткөрүп берүү келишиминин негизинде, АКШнын берген жардамын компенсациялоо максатында суралган.

«Бирок бул каражат жардам эмес, грант катары берилген. Демек, аны кайтаруу талап кылынбайт. Мен АКШдан келген 500 миллиард долларлык жардамды тааныбайм. Бул кимдир бирөөгө жагабы же жакпайбы, менин оюм өзгөрбөйт. Жүз миллиардды да тааныбайм. Биз президент Байден менен макулдашканда, бул каражат грант катары берилгени айтылган. Грант – бул карыз эмес. Биз гранттарды кайтарбайбыз», – деди Зеленский.

24 Февраль 2025 жыл 22:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча