Зеленский Трампка кат жазган

АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте сүйлөп жатып Украинанын президенти Владимир Зеленскийден кат алганын айтты.

Трамптын айтымында, катта Украина тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экени айтылган.

«Бүгүн Зеленскийден маанилүү кат алдым. Украина узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү эртерээк баштоого кызыктарлыгын билдирүүдө. Россиянын да жаңжалды токтотууга, тынчтыкка келүүгө каалоосу күч экенине ынанып жатам», — деди Трамп.

Ал Зеленский ошондой эле кенди иштетүү боюнча келишимге «каалаган убакта» кол коюуга даяр экенин билдиргенин айтты.

«Ошол эле учурда биз Орусия менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана анын тынчтыкка даярдыгы тууралуу күчтүү сигналдарды алдык», — деп кошумчалады Трамп.

Эскерте кетсек, өткөн жуманын аяк ченинде сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барган Владимир Зеленский Дональд Трамп менен уруша кеткен.

Натыйжада келишимге кол кол коюлбай, Киев режиминин жетекчиси сапарынын аягына чыкпай Ак үйдөн куру кол кетүүгө аргасыз болгон.

5 Март 2025 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча