Жүрүп бара жаткан автобустун эшиги ачылып кетип, аял кулап кеткен (видео)

Казакстанда автобуска орнотулган байкоо камерасына тартылган видеолордун бири соцтармакта талкуу жаратып жатат. Анда колдонуучулар коомдук транспорттун айдоочусу менен жүргүнчүлөрүнө таң калып жатышат.

Видеодо элге жык толгон автобус аялдамадан жылып жүрө баштайт. Кыймылдагы автобустун эшиги капыстан ачылып, жүргүнчүлөрдүн бири кармагычты кармай албай калып, асфальтка кулап түшкөн. Анын жанында турган жүргүнчүлөр колу менен эшикти жаап, автобус андан ары жүрүшүн уланкан. Аялдын эмне болгону тууралуу белгисиз.

26 Февраль 2024 жыл 8:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча