«Жөргөмүш кишинин» беткабын кийген жүргүнчүнүн айынан айдоочуга айып салынды

Жалал-Абадда ээнбаш жүргүнчүнүн айынан айдоочуга айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, буга чейин соцтармактарга «жөргөмүш кишинин» беткабын кийген жүргүнчү «Лексус» унаасынан  тулку боюн чыгарып баратканы тартылган видео тараган.

Жол тескөөчүлөрү унаанын айдоочусун таап, ага 16 миң сом айыппул салышкан. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.

24 Октябрь 2024 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча