
Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгынан кагылышкан унаалардын 2 айдоочусу тең көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
26-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек шаарынын Щербаков жана Сеченов көчөлөрүн кесилишинде 1988-жылы туулган жаран КИА К5 үлгүсүндөгү унаасы менен Щербаков көчөсүнүн күн чыгыш тарабына бара жатып, ошол эле көчөнүн күн батыш тарабынан келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Кесепетинен окуя болгон жерде унаалардын айдоочулары каза болгон. Ал эми унаалардагы 3 жүргүнчү денелеринен алган жаратынан улам Улутук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Бишкек ШИИБге катталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.