Жаңы таанышкан аялды урган жаран кармалды

Бишкекте аялды урган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Кармалган 26 жаштагы жаранга (У.А.) Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү. Сот чечими чыкканга чейин ал милиция бөлүмүндө камакта болот.

Ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат.

Урган киши аялдын күйөөсү эмес, экөө бүгүн гана таанышкан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-декабрда Бишкекте эркек киши аялды сабаган видео соцтармактарга тараган.

31 Декабрь 2024 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча