Жайга койгондо дагы эмчегинен сүт аккан. Балталанып өлтүргөн келиндин жакындары эскерди

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында балталанган келиндин жакындары күнөөлүү адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты. Бул тууралуу маркумдун апасы, агасы «Турмуш» басылмасына окуя тууралуу айтып беришкен.

«Мени «кызыңыз ооруп калды, тез келиңиз» деп чакыртыптыр. Мен чыгып жатканда кайним дагы барып келейин деди. 15 мүнөттө барып калдык. Барсак милициялар келип, баарын алып кетишиптир. Кичинекей арыкта толо кан жаткан экен. Толо кан! Мен буту же колу сынды окшойт деп баргам. Чыркыраган кайненеси да инсульт алган аял.

Айдай кызым 28 жашка толо элек, колунда 1,2 жаш баласы бар. Өлгөндө эмчегинен сүтү агып жатты. Ушунчалык да мыкаачы болобу?! Жаркыраган кызымды жарым сааттын ичинде өлтүртүп коюп отурам, менин ичим күйүп жатат, жүрөгүм сыздап жатат. Болгону эки эле кызым бар, кичинекей кызым болчу. Атасынын жүрөгү кармап азыр ооруканада жатат. Менин талабым — күнөөлүү өмүр бою камалсын! Балам үчүн баарына алым жетет», — дейт апасы.

Ал эми маркумдун агасы Нурланбек Матиев карындашынын сөөгүн алып чыгуу үчүн мейтканага барган. Дарыгерлер келиндин сүтү тынбай агып жатканын айтышкан.

«Моюнун териси эле кармап турат, башын этият кылыңыздар» дешти. Кан өтө көп кеткен. Шейшептерин өзүм алып көрдүм. Майрам сууга алганда да кан көп болчу. Жайына койгондо да болушунча аракет кылып, этияттап койдук. Сүтү агып турду дешти. Эмчектеги баласы бар экенин айттым», — дейт агасы.

Каза болгон келиндин 4 баласы бар. Улуусу 6 жашта, андан кийинкилери 5 жашта, 3 жашта жана 1 жаш 2 айлык.

Белгилей кетсек, 4-октябрда 1996-жылы туулган келинди өзү жашаган үйдүн короосунда кошунасы балта менен чаап өлтүрүп койгондугу тууралуу милицияга кабар түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынган. Ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Ѳзгѳн районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

8 Октябрь 2024 жыл 13:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча