Жайылда 2аял пенсионерди тоноп кетишкен

Жайылда пенсионерди тоноп кетүүгө шектелип 2 аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

18-декабрда Жайыл РИИБге 1947-жылы туулган аял кайрылып, 18-декабрда болжол менен саат 15:00 чамасында Кара-Балтадагы үйүнөн 2 аял 600 миң сомун алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча тоноо боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

21 Январь 2025 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча