ЖАК Арстан Алайдын эмне себептен каза болгонун кабарлады

Жазаларды аткаруу кызматы абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү тууралуу билдирүү таратты.

Анда бүгүн, 5-январдын таңында, болжолдуу саат 05:15 чамасында Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында Арстан Алайдын асылып турган сөөгү табылганы айтылат.

Белгилей кетсек, Абдылдаев 15-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

«16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту А.Абдылдаевге карата Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында (16-декабрь, 2023-жыл, 15-январь, 2024-жыл) камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.

28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай №31 мекемеге келгенден кийин, мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлерге кайрылганын кошумчалады.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: «такталбаган психатикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу (КБС). Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

05.01.2024-жылы, саат 04:52 чамасында айыпталуучу А. Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.

Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес», — деп белгишети Жазаларды аткаруу кызматынан.

Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

5 Январь 2024 жыл 15:10

Тема боюнча