Жалал-Абад облусуна 50 автобус берилди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары жаңы унаалар менен толукталганы айтылды.

«Буга чейинки сапарымда Жалал-Абад шаарын көрүнүктүү экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин айткам. Анын алкагында 2 миллиард сом бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Калаанын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз», — деген Жапаров.

Президент шаар күнүнө карата аймактын эли үчүн министрлер кабинети тарабынан 50 жаңы автобус берилгенин белгиледи.

Автобустар жакын арада линияга чыгары кошумчаланды.

26 Октябрь 2023 жыл 19:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча