Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп келген Уланбек Чыбылаевге төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ал өз арызы менен мандатын тапшырган «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын депутаты Жыргал Маатжакыповдун ордуна келди.

Уланбек Чыбылаев учурда жеке ишкердик менен алектенет.

15 Февраль 2024 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча