Жалал-Абадда 10 миң адам бата турган мечит салынат

Жалал-Абад шаарында эски борбордук мечиттин ордуна жаңы заманбап мечиттин курулуш иштери башталат. Кечээ, 17-майда аталган «Имам Аль- Бухари» атындагы мечитте жума намазы окулуп, курулуш иштери тууралуу жарыяланып, эски мечитти бузуу иштери башталаары айтылды.

10 миң адамга ылайыкталган жаңы мечиттин курулуп бүтүшү 2 жылга созулат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жамаатка кайрылып жатып: «Мечиттин курулуш иштерин өзүм көзөлдөп турам. Урматтуу президентибизден уруксат алдык. Садыр Нуркожоевич да курулуш иштерине колдоо көрсөтөөрүн айтты», — деп билдирди.

18 Май 2024 жыл 17:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча