Жалал-Абадда 45 үйдү сел каптады

Жалал-Абадда сел жүрүп, 45 үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Саат 23:00гө алынган маалымат боюнча Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен, 45 үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды. Учурда аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты.

Мындан сырткары, Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдорду, сел өтүүчү каналдарды, короо-жайларды тазаланууда.

22 Апрель 2024 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча