Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар орнотулду

Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган 48 камера орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом бөлүндү.

Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн кесилиштерине коюлду.

3 Декабрь 2023 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча