Жалал-Абадда коргоочу тосмону сел алып тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Селден коргоочу тосмону сел алып, Жалал-Абаддагы Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилгинин маалымат кызматы билдирди.

“Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган айылдын тургундарын коопсуз жайларга эвакуациялоо чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Жеринде Жарандык коргонуу кызматы, ӨКМ жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин алып барууда.

23 Апрель 2024 жыл 8:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча