Жалал-Абадда муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формалары берилди

«Элим барсыңбы?! Жалал-Абад» кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формаларын тапшырды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, саамалык “Билим инвест” долбоорунун алкагында ишке ашып, мектеп формалары Жалал-Абад облусунун райондорундагы жана Жалал-Абад шаарындагы 400 балага берилди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык-мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Буниса Мамадалиева катышты.

Алар өз сөзүндө келечек ээлерине жасаган бул камкордугу үчүн “Элим барсыңбы?! Жалал-Абад» кайрымдуулук фондуна жана жакындан көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, “Билим инвест” долбоору 30-августка чейин улантылат. Буга чейин да аталган кайрымдуулук фонду 500 окуучуну мектеп формасы менен камсыздаган. Алдыда дагы 150 окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо пландалган. Алардын ичинен 250 бала Жалал-Абад шаарынын окуучулары.

28 Август 2023 жыл 12:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча