Жамгырда түрмөнүн дубалы кулап, 118 адам качып кетти

Нигерияда жамгырдан улам дубал кулап, түрмөдөн кеминде 118 адам качып кеткенин Reuters агенттиги билдирди.

Окуя Нигериянын борборуна жакын Сулежа шаарындагы түрмөдө болгон. Түзөтүү кызматынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнүн жардамы менен качып кеткендерди издөө иштерин жүргүзүп, азырынча алардын онун гана кармоого жетишти.

«Бир нече саатка созулган нөшөр абактын дубалын кулаткан» деди Түзөтүү кызматынын өкүлү Адаму Дуза. Ал коомчулукту бийликтер кырдаалды көзөмөлдөп турат деп ишендирип, качкандардын аты-жөнүн жана башка чоо-жайын ачыктаган жок

26 Апрель 2024 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча