Жанар Акаев жыйынга келбеген депутаттарды сындады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынына бүгүн 11 депутаттын алтоо катышты. Эл өкүлү Жанар Акаев кесиптештерин ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Ал комитетте карала турган административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзам долбоору боюнча суроолорго жооп берүү үчүн шаарлардын мэрлери атайын келгенин белгиледи.

«Кворум  жок кечээ Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин жыйыны болбой калды. Бүгүн бул комитетке Оштун мэри атайын учуп келди. Ошто бир күн шаар башчысы жок болот. Депутаттар өзүбүз дагы жоопкерчилик болушубуз керек да. Мэр жок деп, мыйзам долбоорун карабай койдук эле, эми мына алар келсе депутаттар жок. Азыр 4 депутат кантип добуш беребиз? Эмки жума кайра кел дейбизби, бул мамлекетке чыгым, убакыттан уттуруу. Шайлоочуларга күнү-түнү иштейм,  «ичкен ашты жерге коем» дегенден кийин жоопкерчиликтүү болуш керек», — деди Жанар Акаев.

13 Февраль 2024 жыл 15:44

Тема боюнча