Жаныбек Абировдун атасы каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун атасы каза болду. Бул тууралуу Абиров өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Жакын адамыңды жоготуу оор, жан дүйнөң ээнсирей түшөт. Эки күн мурун менин аска-зоом, тирегим болгон атам акка моюн сунду. Ал мага жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө, өз принциптериңден тайбоого үйрөткөн. Мен атама татыктуу уул болууга, ал үйрөткөндөй ар-намыс, адамдарга болгон ишеним, сүйүү менен өмүр сүрүүгө аракет кылууга убада берем.

Башыма оор күн келгенде, менин айланамда жүрөгү таза, ак ниет адамдар көп экенин сездим. Мага көңүл айтып, менин жанымда болуп колдогон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.

Жакындарыңызды коргоп, аларга көбүрөөк убакыт бөлүңүздөр жана көбүрөөк кучагыңыздарга алыңыздар. Бардык ата-энелерге жана жакындарыбызга ден соолук жана узун өмүр каалайм»,-деди мурдагы депутат.

8 Ноябрь 2024 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча