БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчү жабдууларды жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жаңыртуу боюнча иштер башталганын белгиледи. Анын айтымында, көп компоненттүү идентификациялык жабдуулар алмаштырылат. Шайлдабекова 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөнүн эске салды.
Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кыларын, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.