Өзгөндөгү айланма жолдун ачылышында Президент Садыр Жапаров бизнесмен Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, 70 млн долларлык инвестиция тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.
Президенттин айтымында, Бабанов Asia Mall соода борборунун сырткы көрүнүшүн жакшыртууга 18-20 млн доллар коротуп, мындан тышкары ачылышы январда боло турган наркы 50 млн долларлык технопарк курууда.
Садыр Жапаров ички инвесторлордун салымы абдан баалуу экендигин айтып, мурда бай кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө завод-фабрикаларды куруп келишкенин, азыр болсо мамлекет аларга колдоо көрсөтүүгө кепилдик берип, шарт түзө баштаганын да кошумчалады.
Мындан тышкары башка инвесторлор дагы ири долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелдер курула баштады, биякта инвестициянын көлөмү 100-150 млн долларга жетет.
Эгер ички инвесторлор мындай долбоорлорго кызыкпаса, анда мамлекет сырттан инвестор тартууга мажбур болорун билдирди.