Жапаров келиндерди ажырашууну үлгү көрбөөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармакта кыргыздын улуттук салтына, үрп-адатына каршы келбеген маалыматтарды чектөөгө чакырды. Бул боюнча ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, коомдо ажырашуу үлгү катары кабыл алынбаш керек. Минкаб жетекчисинин пикиринде, деги эле кайын журт жөнүндө интернетте жаман айтуу өөн нерсе.

«Кайыната, кайыненени сыйлабаган келин, атасынын кадыр баркы менен мактанып, келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болуунун ордуна ажырашып кеткенин жарыялап, биз аны үлгү көрбөшүбүз керек. Анын баары, соцсетке чыкканы уят. Бизге кайыната чолок шымчан жүрбөшү керек дешчү, келин дагы жоолукту баштан түшүрбөсүн», — дейт Акылбек Жапаров.

27 Февраль 2024 жыл 15:14

Тема боюнча