Жапаров: «Садыр Жапаров келинчегин, айдоочусун аралаштырбай, адистерди койду эле, орду-орду менен бара жатабыз…»

Садыр Жапаров келгени мени экономика жагына, Камчыбек Ташиевди тартип жагына койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Былтыр Ормон хандын 230 жылдыгын өткөрүп жатканда 2005-жылдан бери ишенген кишим комуз чертип жатып айтты. «Садыр иним сиз туура коюптурсуз. Камчылай турган жерге Камчыны, акыл-эс керек жерге Акылды койдуңуз» деп. Садыр Жапаров келинчегин, айдоочусун аралаштырбай, адистерди койду эле, орду-орду менен бара жатабыз»,— деди ал.

28 Февраль 2024 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча