Жапаров Талас шаарындагы аэропорттун, облусутук милициянын имаратынын жана «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Жапаров Талас шаарындагы аэропорттун, облусутук милициянын имаратынын жана «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат. ГЭСтин расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып берүүнүн башталышы — 11.00.

21 Май 2024 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча