Жапаров Ташиевдин чечкиндүүлүгүн мактады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып айтты.

«Азыркы күнү генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен өлкөдө уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча тартип орногонун көрүп-билип турасыздар. Мындан ары мурункудай көрмөксөнгө салуу, билмексен болуу деген болбойт. 

Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат. 

Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин», — деди ал.

22 Май 2024 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча