Жаранды унаага салып, колун жип менен байлап, денесине залал келтиргенге шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

23-октябрда саат 20:00 чамасында Ленин РИИБге жаран Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде арыз ээсин Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салып, колун жип менен байлап, белгисиз тарапка алып кетип, денесине залал келтирген белгисиз жарандарга чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. 16-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган жарандын өздүгү такталып, милицияга жеткирилген. Тергөө уланууда.

17 Апрель 2024 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча