Жашы жете электерди сойкулукка тартып жүргөн жаран 12 жылга камалып, мүлкү алынды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынын катышуусу менен 2024-жылдын 2-кварталында 46 оор кылмыш иштери 65 адамга карата жана 16 өзгөчө оор кылмыш иштери 24 адамга карата кылмыш иштери сот тарабынан каралган. Бул тууралуу Свердлов районунун прокуратурасынан кабарлады.

Алардын бири А.Ш.Э. (аты өзгөртүлдү) Telegram каналына оңой акча табуу тууралуу жалган жарнакты жайгаштырган.

Маалыматка караганда, 2023-жылы Бишкек шаарынын Чүй проспектиси №114 дарегинде жайгашкан «Империя пицца» кафесинде айыпталуучу 2006-жылы туулган А.З. жана 2006-жылы туулган И.Б. (аты-жөнү өзгөртүлдү) менен таанышкан. Балдардын 18 жашка чыга электигин, материалдык абалы оор экенин билип, кылмыштуу максатына жетүү үчүн аларга сойкулук жолу менен көп акча табабыз деген оюн айтып, аларды өзүнө азгырган. Аны көндүрүп, Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан батирди ижарага даярдап койгон. Кийин жогорудагы батирге жабырлануучуларды алып барып дароо кардарларга берген. Ошентип, айыпталуучу эмгек акысынан 50% материалдык пайданы үзгүлтүксүз алган.

«Бир канча убакыттан кийин жабырлануучулар кетээрин, иштебей турганын билдиришкенде, айыпталуучу шантаж жолу менен мурда жылаңачтанып сүрөткө түшүрүп, коркутуп-үркүткөн. Ошондой эле, айыпталуучу жогорудагы сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланат деп шантаж кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошентип, А.Ш.Э. өзүнүн кыймыл аракеттери менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүндө, 159-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сойкулукка тартуу, шантаж балага карата алдоо катары квалификацияланган кылмыш жосунун жасаган.

2024-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмү менен айыпталуучу А.Ш.Э. үй-мүлкүн конфискациялоо менен күнөөлүү деп табылган жана ага карата 12 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Бишкектин Свердлов районунун прокуратурасы жарандардын укугун коргоо үчүн ар тараптан күрөшүп келерин баса белгилейт.

28 Август 2024 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча