ЖЭБ кырсыгына бирөөнү айыптоо азырынча эрте

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка кимдер күнөөлүү экени мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтарын таркаткан «Медиа штаб» билдирди.

Ал комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатканын белгилейт.

Минкаб текшерүүнүн корутундусу чыкканча бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин айтат.

«Мекемелер аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин контролунда турат, жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат», — дейт «Медиа штаб».

Белгилей кетсек, ЖЭБдин ички комиссиясынын өкүлү Таалайбек Алыкулов 3-февралдагы аварияга жоопту техникалык кызматкерлерге төңкөрүү аракети көрүлүп жатканын айткан.

18 Февраль 2024 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча