ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор

Бишкек ЖЭБдеги авариядан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-февралда саат 04:30 чамасында Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына 5 адам жеткирилген. Алардын ичинен экөө канааттандырарлык абалда, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бири күйүк бөлүмүндө, абалы орточо оор.

2 Февраль 2024 жыл 9:24

Тема боюнча