ЖЭБти калыбына келтирүүгө тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөр берилет

Бишкек жылуулук электр борборун кырсыктан кийин калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөр берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал окуя болгон жерде коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.

Анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер, курулуш компанияларынан 338 куруучу жана ЖЭБтин жумушчулары иш алып барууда.

5 Февраль 2024 жыл 8:38

Тема боюнча