Жээнбек Кулубаев Казакстанга расмий сапар менен барат

Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун чакыруусу менен 10-11-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстанга расмий сапар менен барат.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.

10 Январь 2025 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча