Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Жер улак» боюнча финалдык беттеш кызуу өтүүдө. Экинчи таймдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстан 4-4 эсебинде тең чыкты.
Биринчи таймдын ортосунда казакстандык улакчы эреже бузуп, кыргызстандык спортчуну камчы менен чаап жиберген. Окуяга полиция кийлигишип, оюн токтотулган. Бир аз тыныгуудан кийин калыс эреже бузуучуну 2 мүнөткө оюндан чыгарып, беттеш кайра уланган.