«Жигитчилик болбой калыптыр». Нурзат Токтосунова милициянын кайгуул кызматы тараткан видео боюнча үн катты (видео)

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын алдында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынды. Видеосу социалдык тармактагы баракчага жарыяланды.

Жарыяланган видеодон Бишкек шаардык кеңештин депутаты, алып баруучу Нурзат Токтосунованы да көрүүгө болот. Инспектор ага коопсуздук куру жок унаа айдоо жол эрежесин бузуу экенин, айып пул салууга протокол толтурулушу керектигин айткан.

Аталган видео соцтармактарга жана ЖМКларга чыккан соң, Нурзат Токтосунова Инстаграмдагы баракчасына видео жүктөп, түшүндүрмө берди.

«Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөтүү боюнча интернет «жарылып» жатат го. Биринчиден, инспектор тарабынан жигитчилик болбой калыптыр. Себеби камера тартканга чейинки сүйлөгөндөрү жок экен. Ооба, мен туура эмес кылдым. Унаа токтогонго чейин коопсуздук курун чечпешим керек эле. Бирок мен унаа токтотуучу жайга киргенде чечтим. Бул унаа токтотуучу жайдын ичинде болчу. Ошол жигит аман эле болсун»,- деди Токтосунова.

13 Январь 2025 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча