Жин чыгаргандар 42 жаштагы аялды өлтүрүп алышкан

Ташкент облусунда 42 жаштагы аял жин чыгаруу учурунда көз жумду. Бул тууралуу өзбек медиасы билдирет.

Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын аягында болгон.

Аял неврологиялык оору менен ооругандыктан, туугандары аны молдого алып келишкен. «Жин чыгаруу» үчүн 1 миллион сум талап кылган.

Эки киши бир саат бою  сүрөлөрдү окуп, акырында балка менен жинди кууп башташкан. Мындай кыйноодон жабырлануучунун кабыргалары сынып, ички органдары жарылып, ичтен кан кетип көз жумган.

Экзорцисттер 3 жана 2,5 жылга эркинен ажыратылды.

Булак: «Репертер кж»

26 Январь 2024 жыл 12:00

Тема боюнча