Жогорку Кеңеште турак-жайдын эмнеге кымбаттап жатканы айтылды

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Кыргызстандын турак жай рыногунда жасалма түр менен баа көтөрүү орун алып жатканын билдирди.

Анын айтымында, коомдо турак жайдын баасына карата спекуляция күчөп турган маалы.

«Көпчүлүк муну инфляция, курулуш материалдарынын баасы менен байланыштырып жатышат. Бирок бааны риэлтордук агенттиктер, ортомчулар 2 эсеге көтөрүп жатышат. Мисалы бир ортомчу массалык түрдө сатып алуу жүргүзүп, кийин объекттерди кайра жогорку баада сатып жатат. Бул маселени карап чыгыш керек», деди ал.

Ал өлкөдө жарандарды турак жай менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар жасалып жаткан маалда коомдо болуп жаткан мындай иштер жолтоо болорун белгиледи.

29 Январь 2025 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча