Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын сактап калуу үчүн эмгек өргүүсүнө чыгып кетиштиби?

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов эмгек өргүүгө чыгып кеткенин, алардын ушундай жол менен мандатын сактап калууну көздөп жатканын жазып жатышат.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы  Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдон акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз түшкөнүн билдиришти. Бирок кайсы убакытка чейин экенин такташкан жок. «Шайлообек Атазов ден соолугуна байланыштуу, ал эми Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу деп арыз жазган»,- дешти.

28 Февраль 2024 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча