Жогорку Кеңештин кызматкерлерине ипотекалык үйлөр курулат

Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңеш үчүн үйлөрдү курат

Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери үчүн батирлерди куруп берет. Бул тууралуу парламентте Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында аталган мекеменин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди.

Аткаминердин айтымында, турак жай борбор калаадагы Көк-Жар кичирайонунда жайгашат.

10 Март 2025 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча