Жогорку Сот Көлбаевдин апасы менен жубайынын арызын карады

Жогорку Сот Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева менен анын жубайы Нурия Тентешованын арызын карады.

Жогорку соттун судьялары Аскат Сыдыков, Сулайманкул Атакулов жана Дамирбек Назаровдон турган соттук коллегиясы соттолгон Нурия Тентешованын өкүмүн өзгөрттү. Анын абак мөөнөтү сегиз жылдан жети жылга кыскарган. Биринчи жана экинчи инстанциянын өкүмдөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Эскерте кетсек, Мая Алиевага буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси боюнча айып тагылган. Биринчи инстанциядагы сот аны кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоо боюнча күнөөлүү деп тапты.

Камчы Көлбаевдин апасы жети жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияда өтөө окуму чыгып, бир жылга өтөгөн мөөнөтү токтотулган. Нурия Тентешова Октябрь райондук соту тарабынан сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Айыпталуучунун жактоочусу айыптоо корутундусунда легалдаштыруу мөөнөтү – 2008-жылдан 2022-жылга чейин көрсөтүлгөнүн, ал эми тизмеде 1998-жылы сатылып алынган мүлктөр камтылганын, сот аны да конфискациялоого чечим чыгарганы тууралуу билдирди.

26 Февраль 2025 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча