Жогорку соттун судьясы айына 171,5 миң сом айлык алат

Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы жылына 2 млн 59 миң сомдой айлык алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Комитеттин жыйынында «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев тааныштырды. Анын айтымында, учурда Жогорку соттун төрагасынын үч орун басары бар. Алардын ар бири өз багыты боюнча жарандык, административдик жана кылмыш иштерди тескейт. Эми мыйзамга өзгөртүү киргизип, төртүнчү кылып санариптештирүү боюнча орун басар кызматын бекитүү сунушталууда. Ал орун басар Жогорку соттогу 31 судьянын ичинен тандалып алынат.

Мусаев билдиргендей, Жогорку соттогу судьяга айлык төлөөгө жылына 2 млн 59 миң сом (же айына 171,5 миң сом – ред.) каралган. Ал эми төрага орун басарынын жылдык маянасы аныкынан 162 миң сомго көп (жылына 2 млн 221 миң сом же айына 185 миң сом – ред.).  Айлык акыдан тышкары жаңы орун басар үчүн кызматтык унаа, катчы, айдоочу керек болот. Кызматтык унаа үчүн 3 млн 446,8 миң сом акча (бир жолку чыгым), анын майына жылына 250 миң сом жана айдоочусу менен катчысынын айлыгына 702,4 миң керектелет. Жалпы 4 млн 653,2 миң сом зарыл. Бул акчалар республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан жактырылган.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

24 Сентябрь 2024 жыл 9:06

Тема боюнча