Жол жээгиндеги тосмону талкалап, андан ары газонду тебелеген унаа айып короого киргизилди

Жол жээгиндеги бордюрду талкалап, андан ары газонду тебелеген унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол жээгиндеги бордюрду талкалап өтүп, газондо айдап кеткени тартылган видео тараган.

Бул факты боюнча жол тескөөчүлөр ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, одоно эреже бузган унааны таап, айып короого токтотущту. Ал эми айдоочусун андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткиришти.

1 Август 2024 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча