Жоламан Шаршенбеков мелдештерге эски туу менен бара турганын билдирди

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал Kaktus.kg басылмасына берген маегинде айткан.

Шаршенбеков алдыдагы эл аралык мелдештерде Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын баса белгилеген.

«Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Президент Садыр Нургожоевич желек өзгөртүлсө, чыгым болбойбуз дебеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам», — деди ал.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туусун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөнү айтылган

Ошол эле учурда элдин көпчүлүгү тууну өзгөртүүгө каршы.

Парламент тууну өзгөрткөнү менен жарандар жаңы тууну кабыл албай турганын билдиришүүдө.

21 Декабрь 2023 жыл 13:05

Тема боюнча