Жоламан Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.
Кыргызстандык 8-мартта 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 20 спортчу катышкан.
Ал Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын 3 ирет катары менен жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү кармашта Шаршенбеков ирандык спортчуну жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.