Жошорку Кеңеште Ташиев кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди.

«Алтын Мазарды дагы биз жаздык. Себеби, алар чырлуу деп таштап кетишкен. Алтын Мазар биздики деп алар талашат, биздики деп биз талашабыз. Алтын Мазарды берип салышты деген видео жүрөт. Андай эмес, Алтын Мазар биздин мамлекеттин менчигинде калды. Аны өзүбүзгө жаздык. Ушуну айтып коёюн»,— деди төрага.

19 Март 2025 жыл 10:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча