ЖРТ качан башталары айтылды

7-майда Билим берүү жана илим министрлигинин “Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө” №693\1 буйругу бекиди.

Буйрукка ылайык, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат. 18-майдан 25-июнга чейинки убакыт ЖРТ өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап: 2024-жылдын 18, 19, 20-майында;

II этап: 2024-жылдын 22, 23, 24-майында;

III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 21, 22, 23-июнунда.

17-май, 21-май, 20-июнь — тест борборлорун даярдоо күндөрү. Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

8 Май 2024 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча