
Үч эмдин төрөлүшү Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө быйыл бешинчи жолу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 27-августта Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева кош бойлуулуктун 33-аптасында Оштогу төрөт үйүндө операция жолу менен үч эм төрөгөн.
Жаңы төрөлгөн балдардын салмагы 1855 г, 1600 г жана 1390 г.
Эне менен наристелердин абалы жакшы. Гүлжамал ушул күнгө чейин бир кыздын апасы болсо, азыр төрт баланын энеси. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын баары кыз, аларга Рабия, Алия жана Асия деген ысым ыйгарылган.
Маалым болгондой бул наристелер жубайлардын 9жыл күткөн кыздары.
13-сентябрда ымыркайлар жана алардын апасы канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.