Жубайларды өлтүрүп жашынып жүргөн жаран кармалды

Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны кармалды. Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоого айыпталууда.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн жаран 2018-жылдын 29-октябрында Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн.

Мындан улам, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагындагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

24-февралда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

27 Февраль 2025 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча