
Жубайын кыйноого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаанын тургунунун айтымында, 26-февраль күнү кечинде күйөөсү аны токмоктоп, бычак менен жарадар кылган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) боюнча катталды.
Милициядан белгилешкендей, 1982-жылы туулган Х.А. мурда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопко тартылган. Бул ирет аны кармоо чечими кабыл алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.