Бүгүн, 15-мартта белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына апасы 79 жашка чыкканын жазды.
«Бүгүн биз үчүн бактылуу күн, апамдын туулган күнү, 79 жашка чыкты. 11 бала төрөп, атам экөө жакшы тарбия берип, бир да жолу оорутбай, ооруканага жеткирбей таза, туура багып , баарыбызды асырап, чонойтуп бүгүнкү күнгө жеткирген асылдарым. Мени баш кылып, депутат жана дагы 5 полковникти тарбиялап элине, мамлекетке кызмат кылгыла деп дайыма айтып келет.
Апамдын жакшы сөзү бар , дайыма бизге айтып жүргөн «Биринчи Кудайдыкысынар, экинчи элдикисинер, үчүнчү меникисинер» деген. Апа сиздин ак сүтүнүздү, эмгегинизди , эч качан актай албайбыз, бирок актаганга аракет кылабыз. Апа көпкө жашап, бактылуу, көнүлдүү, сапаттуу өмүр сүрүнүз! Сиз бар биз бактылуубуз!»,- деп жазды ал.
Ал ошондой эле апасына белек катары Японияга жолдомо белек кылышкан.
